Адал эт деген эмне?

Халал (адал) деген сөз араб тилинен түз маанисинде “уруксат” дегенди билдирет. Чындыгында халал – бул өтө кеңири термин жана жалгыз эле этке тиешелүү эмес. Бул күнүмдүк зарыл түшүнүк, жашоо образы. Халал адам жашоосунун дээрлик бардык тармагына тиешелүү: тамак-аш, кийим-кече, косметика жана парфюмерия, жеке гигиена, каржы, мамилелер, аткарылган иштер, мүлк ж.б.у.с. Адалдын карама-каршысы харам (тыюу салынган).

Биз күнүмдүк жашообузда кеңири колдонгон азыктарыбыздын бири бул –  эт. Бул азыктын адал болушу же союла турчу мал кандай тартипте союлуш керек экендиги туурасында кеңири токтолсок.

Мусулмандар үчүн арам кылынган бир канча жандыктар бар. Булардын этин Алланын аты менен союлса да жегенге болбойт:

  • өлүмтүк;
  • чочконун эти;
  • шариятка ылайык эмес союлган малдын эти;
  • жырткыч айбандардын эти (карышкыр, арстан, жолборс ж.б.);
  • жырткыч канаттуулардын (шумкар, бүркүт ж.б.) эти;
  • иттердин, эшектердин жана качырлардын эти.

Андан тышкары малдын каны, бездери, өт жана табарсык, малдын жыныстык органдарын жегенге болбойт. Эгер шариятка ылайык союлган малдын болсо дагы. Таза эмес (тыюу салынган тамак-аш же башка ыплас заттар) таза суу менен жуулмайынча же тийген жери тазаланганга чейин тийген адал азыктар.

Эт адал болушу үчүн төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:

  1. Малды сойгон касапчы эрезеге жеткен акыл-эси соо, мусулман болушу керек;
  2. Мал соо болушу керек. Эттин структурасын өзгөртүүгө, же аны жеген адамдардын ден соолугуна зыян келтире турган эч нерсе менен булганбашы керек;
  3. Негизги моюн кан тамырларын кесүү менен бир убакта малды союп жаткан адам “Бисмилла, Аллаху Акбар” деп айтуусу керек, лента же башка үн жазуучу жабдуулардагы жазуулар жетишсиз;
  4. Негизги моюнчасынын артерияларын жана кызыл өңгөчтү кесүү бир жолу, кечиктирбестен жана үзгүлтүксүз, мүмкүн болушунча башка жакын болушу керек;
  5. Өлүктү союуга кандын негизги бөлүгү агып кеткенден кийин уруксат берилет;
  6. Жаныбарларды союунун алдында электр тогу, балка, балта, дененин маанилүү жерлерине же органдарына сокку уруу жана башкаларды колдонууга тыюу салынат;
  7. Малдын көзүнчө союу үчүн аспаптарды курчутууга тыюу салынат;
  8. Жаныбарга зыян келтирип, мокок бычак менен кесүүгө тыюу салынат;
  9. Бир жаныбарды башка малдын көзүнчө союуга тыюу салынат;
  10. Кандын көбү сыртка чыгып, ыктыярдуу булчуңдардын жыйрылышы токтогонго чейин малдын терисин сыйрууга, кайнак сууга салууга, жүнүн үзүүгө, дене мүчөлөрүн кесип салууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, адал тамак-аш мусулмандарга гана таандык эмес. Мындай продукцияны ар кандай улуттун, диндин өкүлдөрү жесе болот. Адал биринчи кезекте сапатка жана тазалыкка байланыштуу. Чындыгында, эт Аллах Куранда белгилеген принциптерге ылайык өндүрүлгөндө адамзатка, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө пайда алып келет.

Даярдаган: КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат ажы Кадыкеев