Ражаб айы – касиеттүү үч айлардын башаты

Бул жылы Ражаб айынын биринчи күнү 1- январга туура келет.

Ражаб айы – берекелүү жана улуу ай болуп, анда жасалган аз жакшы иш үчүн чоң сооптор берилет. Бул айда ибадаттар жана дубалар кабыл болот. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) айткан:

“Беш түн бар, анда дубалар четке кагылбайт: ражаб айынын биринчи түнү, шаъбан айынын орто түнү, жума түнү, Орозо айттын түнү жана Курбан айттын түнү” (Ибн Асакир).

Ражаб айынын артыкчылыктары

  1. Береке жана дубалардын кабыл болушу

Ражаб айында жасалган дубалар кабыл болот. Бул убакытты пайдаланып, көп дуба кылуу сунушталат.

  1. Орозо кармоо

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) ражаб айында көп орозо туткан. Ибн Аббастан (радыйаллоху анху) мындайча риваят келет:

«Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) ушунчалык көп орозо кармачу, биз алар эч ачпай тургандай сезчүбүз. Бирок кээде ачып, орозосуз күндөрдү да өткөрүшчү”.

  1. Тообо жана истигфар кылуу

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) ражаб айында көбүрөөк тообо кылууну жана күнөөлөрдөн тазаланууну сунуштаган. Төмөнкү дубаны көп айтууга үндөшкөн:

“Аллахумма анта роббий ла илаха илла анта, холактаний ва ана абдука, ва ана ала ахдика ва ваъдика мастатоту, аъузу бика мин шарри ма санаъту, абуу лака биниъматика алайя ва абуу бизамбий, фагфирлий, фаиннаху ла ягфируз-зунуба илла анта”.

  1. Дуба кылуу

Ражаб айы киргенде, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи васаллам) мындай деп дуба кылган:

“Аллахым, бизге ражаб жана шаъбан айларын берекелүү кылып, бизди рамазан айына жеткир” (Имам Байхакый жана Табаранийден).

Бир аалым:

«Ражаб шамалга, шаъбан булутка, рамазан жамгырга окшош. Эгер адам ражабда үрөн экпесе, шаъбанда аны сугарбаса, рамазанда кантип түшүм алат?» – деп айткан.

Андыктан, ражаб айын пайдаланып, жакшы иштерди көбүрөөк кылып, көп дуба менен өткөрөлү. Убакыт тез өтөт, өмүр кыска!

Даярдаган: Авлиёев Фуркат, Баткен казыятынын маалымат кызматы