Бисмиллахир-рахманир-рахим.
Аллах Таалага түгөнбөс мактоолор болсун.
Пайгамбарыбызга салаваттар жана дубалар болсун.
Мираж түнү Ражаб айынын 27-түнү болуп, 26-27-январга туура келет.
Мираж – Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде түн ортосунда Харам мечитинен (Кааба) Акса мечитинде, ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миӊ бир сырлуу куттуу түн.
«Исра» деген сөздүн тилибиздеги мааниси – «түн ичинде саякат кылуу».
Ал эми шариятта бул – Аллах Тааланын буйругу менен Мухаммад (соллаллаху алайхи васаллам) түн ичинде Буракка минип, бир көз ирмемде Маккаи-Мукаррамадан Байтул-Макдиске (Кудуска) сапар кылганын түшүндүрөт.
Ошол түнү Пайгамбарыбыз (соллаллаху алайхи васаллам) Байтул-Макдистен асманга, Миражга көтөрүлгөн. Ал жерде Аллах Таала менен сүйлөшкөн жана элүү убакыттык намаз фарз кылынган. Пайгамбарыбыз (соллаллаху алайхи васаллам) кайтып келе жатып, Муса (алайхи салам) менен жолугуп, ал: «Аллах сенин үммөтүңө эмнени фарз кылды?» – деп сураган.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Элүү убакыттык намазды», – деп жооп берген.
Муса (алайхи салам): «Раббиңе кайра бар, үммөтүң муну көтөрө албайт», – деп кеңеш берген.
Андан соң Мухаммад (соллаллаху алайхи васаллам) Аллах Тааланын алдына кайтып барып, намазды азайтууну суранган. Аллах Таала бир аз кыскарткан.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам) Муса (алайхи салам) менен дагы жолукту, ал дагы «Үммөтүң көтөрө албайт» деп кеңеш берди. Ошентип, Пайгамбарыбыз бир нече жолу баргандан кийин, Аллах Таала намазды беш убакыт кылып бекитти жана: «Эй Мухаммад, Менин алдымда сөз өзгөртүлбөйт. Чындыгында, ушул беш убакытта элүү убакыттык намаздын сообу бар», – деп айтты.
Муса (алайхис салам) дагы кайтууну сунуштаганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи васаллам): «Мен Раббимден уялам», – деп кайра барган жок.
Алынуучу сабактар:
- Намаз – Аллах Таала тарабынан фарз кылынган.
- Намаз Исра түнүндө фарз кылынган.
- Башында элүү убакыттык намаз фарз кылынган, кийин беш убакытка кыскартылган.
- Аллах Тааланын алдында сөз өзгөртүлбөйт.
- Аллах Таала өз мээрими менен ислам үммөтүнө беш убакыт намаз үчүн элүү убакыттык намаздын сообун берген.
- Ислам – жеңилдик дини. Башында элүү убакыт намаз фарз кылынганы, кийин беш убакытка кыскартылганы – бул жеңилдикти эскертип туруу үчүн.
Мираж кечеси аткаруу үчүн кандайдыр бир ибаадат белгиленген эмес, бирок төмөнкүлөрдү аткаруу жакшы амалдардан.
Нафил намаз окуу;
Дуба кылуу жана күнөөлөр үчүн тообо кылуу;
Куран окуу;
Зикр кылуу;
Пайгамбарыбызга (саллаллаху алайхи васаллам) салават айтуу;
Күндүз орозо кармоо.
Жараткан Аллах Тааладан мамлекетибизге биримдик, ынтымак жана элибизге тынчтык менен токчулукту, коомубуздун ыймандуулуктун бекемделе беришин Жараткандан сурап кетмекчибиз.
Даярдаган: Фуркат Авлиёев, Баткен казыятынын катчысы
Текшерген: Муса ажы Жолдошов, казынын орун басары