Депрессия (лат. depressio – көңүлдүн чөгүшү) – психологиялык мааниде – адамдын басмырланган, көңүлү чөккөн абалы, сар-санаага батуу, куса болуу, кайгылуу маанайы.
Депрессия экзогендик (жагымсыз, басмырлаган жагдайга психикалык реакция жасоо) же эндогендик (көңүлдүн чөгүшүнүн оору-сыркоо менен байланышы) болушу мүмкүн. Окумуштуулар депрессиянын тогуз классик белгисин аныкташты. Алгачкы эки белги мына ушул психикалык оорууга анализ коюууда пайдаланылат.
Узак убакыт аралыгында жан дүйнөсү жабыркоо менен бирге күзөтүлүүчү кайгы сезими, кабатыр жана көңүл чөккөндүк сезими.
Мурда бейпилдик-тынчтык суна алган көнүгүүлөр жана хоббиге кызыгуунун жоготулуусу.
Айыптуулук, начарлык же пайдасыздык сезими.
Күндүн көп бөлүгүндө талыгуу, алсыздык сезими.
Эсте тутуу, көңүл бурууну борборлоштуруу жана чечим кабыл кылуу менен байланыштуу болгон көйгөйлөр: ашыкча уйку же уйкусуздук. Тамактануу моделинин өзгөрүүсү: тамактан баш тартуу же ашыкча тамактануу.
Кыжырдануу же акырын кыймылдоо. Өз жанын кыюуу жөнүндө ойлор, аракеттер.
Клиник психолог Соня Любомирски (Sonja Lyuobomirsky) өзүнүн «Бакыт психологиясы» (The How of Happiness) китебинде жазат:
«Ошол депрессия бүт организмди чулгап алат: кыял-сезимдер («Мен өзүмдү бактысыз сезип жатамын»), пикирлер («Мен бактылуумун») жана физический абал («Мен уктай албай жатамын»).
Ошентип, Рамазан айы маанайга таасир этүү жана депрессияны жеңүүгө жардам берүүсү мүмкүнбү?
Рамазан айында орозо кармаган мусулмандар арасында изилдөө өткөрүлдү. Сыноодо катышкандар арасында кабатырдын төмөндөөсү, биполяр эффектив ооруусуна чалдыккан адамдарда болсо — маникал жана депрессив белгилердин төмөндөөсү күзөтүлгөн.
2009-жыл Михельсон (Michaelson) жетекчилигинде бир группа аалымдар терапевдик ачтык бир канча күндөн кийин өнөкөт (хронический) оорууга чалдыккан адамдардын 80 % да кабатыр жана депрессия белгилеринин жумшартуусу аныкталды.
Мына ушул жараян механизми маалым эмес, бирок, ыктымал, ал орозонун алгачкы 48 саатында эндорфиндерди ажыратуусу менен байланыштуу.
Орозонун эрежелерине кылдат мамиле жасоочу адам жүгүрүү эйфориясы менен окшош эйфорияны сезет, (грек. еyпоріа) – объективдүү жагдайга шайкеш келбеген көтөрүңкү, кубанычтуу көңүл) анткени эндорфиндер — опиаттарга таасир берүүсү боюнча жакын болуп — метаболик түзүмүбүз учурай турган стресске жооп берип маанайыбызды көтөрөт. Фонд (Fond) жетекчилигиндеги башка бир группа изилдөөчүлөрдүн аныктоосунча:
«Көптөгөн клиник тажрыйбалар орозо кармоо орозонун 2-7 күнүнөн соң депрессиянын белгилерине таасир бере баштайт, бул маанайдын оңолуусу, көңүл буруунун артуусу, тынчтануу сезимдеринде байкалат. Мына ушундай оң өзгөрүүлөрдүн туруктуулук даражасы дагы да аныкталуусу керек».
Ирандык студенттер өткөргөн натыйжаларга көрө кабар кылышат, бүт Рамазан айы бою диний максатта болбосо да орозо кармаган кишилер Рамазандан кийин рухий саламаттык абалын баалоонун бардык шкалалары боюнча таптакыр орозо кармабаган кишилерден көрө жогорураак көрсөткүчтөр берген. Мындан сырткары, дайыма намаз окуган кишилерде рухий саламаттык көрсөткүчү дагы да жогору болуп чыккан.
Гуманитардык жөрөлгөлөр. Рамазан учурунда мусулмандардын ар түрдүү иш-чараларга катышуусу чындыгында маанайды көтөрүүсү жана каныгуу сезимин ойготуусу мүмкүн. Маселен, садака берүү жана кайрымдуулук кылуу менен алектенүүнү адат кылуу.
Любомирски жазат: «Гуманитардык-кайрымдуулук иш-чаралар кайрымдуулук жасалып жаткан тарапка гана эмес балким кайрымдуулук жасап жаткан тарапка да пайдасы чоң. Ыктымал, логикага терс көрүнүш деп айтаарсыз, бирок мээримдүү жана боорукер-кайрымдуу болуу, жадагалса бул финансылык жактан чыгаша болуп сизге пайдасыздай көрүнүп жатса да — мында берүүчү тарап көбүрөөк пайда көрөт. Анткени колу ачыктык жана бөлүшүү инсанды бактылуу кылат». Ал ич-ичинен кубанат. Жараткандын алдында бактылуу экендигин сезет, Андан ишенич менен сооп үмүт кылат. Ошондой эле депрессиядан да алыс болот.
Рамазан бул — ушундай бир убакыт, анда мусулмандар диний иш-чараларда активдүү катышат.
Орозо кармоодон сырткары, көптөгөн мусулмандар беш убакыт мечитке намаз окуу үчүн барат, ошондой эле таравих намазын калтырбай окуйт.
Любомирскинин сөздөрүнө караганда, аалымдар адатта Кудай жана руханият менен байланыштуу болгон изилдөөлөр менен жагымсыз-сус абалда мамиле жасап аракеттенишет. Бирок бул тармакка кирүүгө чечим кылгандардын аныктоосуна караганда, дайыма ибадат менен алек болгон жана дин алардын жашоосунда олуттуу орун туткан адамдар жакын кишисинен айрылганда өзүн тезирээк оңдоп алат жана диндар болбогон кишилерден көрө азыраак депрессияга дуушар болот.
Бир изилдөөнүн маалыматтарына көрө, аптада бир канча жолу ибадатка келген адамдардын 47 пайызы жана бир айда бир жолу ибадатка келе турган кишилердин 28 пайызы өзүн «өтө бактылуу» деп айтат.
Ошондой эле Любомирски дагы айтат: «Коомдук диний жөрөлгөлөргө активдүү катышып жүргөн кишилер диний ишенимдерине кайдыгер мамиле менен амал жасачу кишилерден көрө өздөрүн бактылуу сезишет».
Орозо жана Рамазан жөрөлгөлөрүнө байланыштуу көптөгөн изилдөөлөр бар. Алардын айрымдары так ушул орозо кармоо, ибадат кылууга багышталат жана диний иш-аракет депрессиядан зыян көрүп жаткан адамдарга жардам берет.
Бирок ошого карабай, аалымдар дагы Рамазандын депрессияга жана жалпы рухий абалга болгон таасирин жакшылап изилдөөсү зарыл.
Булак: Onislam.net
Даярдаган: АКнын төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев