Самидин кары Атабаевдин апасы, хафиза энебиз Рабия Атабаева 97 жашында ааламдан өттү. Азирети Муфтий карылардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Жаратып бул дүйнөгө тапкан апа, жашырып жаманыңды жапкан апа. Жаныңдан амандыгын күндө тилеп, жатаарда дуба кылып жаткан апа. Ак кийгизип ак жедирип баккан апа, абайлап ак бешикке салган апа. Агарып таң атканча карыш жылбай Алдейлеп …

Дальше »

Шыдыр айылынын жаштары курман айт майрамына карата айыл имамына аргымак мингизишти

Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр айылынын «Бабедин ата» мечитинин баш имамы Сабырбек  ажы Кыпчакбаевге ушул эле айылдын Бишкек шаарында жашаган жаштары өздөрүнүн  атынан курман айт майрамына карата аргымак мингизишти. Шыдыр айылынын жаштары айыл имамынын элге кылган …

Дальше »

Баткенде айымдар үчүн атайын курман айт майрамы уюштурулду

Бүгүн, 18-июнь күнү Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан айымдар үчүн атайын курман айт майрамы уюштурулду. Саамалыкка Баткен облусунун  мусулмандарынын казысы Нуридин  ажы Мамасабиров, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы, «Мутакалим» …

Дальше »

Ноокатта жаштар арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагындагы «Арык Тейит» мечитинде жаштар арасында пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө: 1-орун 20 миң сом 2-орун 15 миң сом 3-орун 10 …

Дальше »

Нарын облустук казыяты тарабынан 26, Кочкор районунда 25 бодо мал курмандыкка чалынып, муктаждарга таратылды

Нарын облустук казыяты тарабынан быйыл жалпы саны 26 бодо мал курмандыкка чалынып, 15 бодонун эти  үлүш ээлерине жана казыяттын тизмегиндеги аз камсыз болгон  жарандарга таратылып берилди. Ал эми калган 11 бодонун эти Нарын шаарындагы “Юсуф …

Дальше »

Курман айт майрамына карата Кызыл-Үңкүр айылынын баш имамына жергиликтүү жашоочулар «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты

Курман айт майрамына карата Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын баш имамы Нурали  ажы Дооронбаевге жаштар жана 1974-жылкы айыл тургундары «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. «Кызыл-Үңкүр айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын …

Дальше »

Айт – бизди бир сапка бириктирген, боордоштукту бекемдеген, өз ара нааразычылыктарды жок кылган улуу майрам

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кадырман мусулман бир туугандарым! Сиздерди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Жараткан Кудай Таала жерибизге тынчтык, береке, элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин! Урматтуу мекендештерим! Айт – жалпыбызды бир убакта …

Дальше »

Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров Кара-Суудагы реконструкция болгон «Азатбек ажы» мечитинин ачылышына катышты

Бүгүн, 14-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы реконструкциялоодон өткөн «Азатбек ажы» мечитинин ачылыш аземине катышып, келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Курман …

Дальше »

Ошто экстремизмге, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча отурум өттү

Бүгүн, 14июнда Ош облустук администрациясынын жыйындар залында экстремисттик, террористтик агымдардын алдын алуу, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулукту токтотуу жаатында атайын отурум болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ОИИБдин жетекчиси  Дамирбек Исаев, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдумалик Акжолов жана …

Дальше »

Саудиянын ажылык министрлигинин өкүлү кыргызстандык ажылардан кабар алды

Бүгүн, 14-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык-умра министрлигинин өкүлү Сарах Саад Аль-Магриби Минадагы кыргызстандык ажыларды зыярат кылды. Өкүл зыяратынын жүрүшүндө 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын жетекчилиги менен жолугушуп, быйылкы жылы кыргыз өлкөсү ажылыкты жогорку деңгээлде …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы кыргызстандык ажыларга сабак өттү

УКШ өкүлү, АК төрагасы Замир кары Ракиев ыйык Мекке шаарынын Азизиййе жана Кудей райондорунда жайгашкан №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12 жана №13 конок үйлөрүнө жайгашкан кыргызстандык ажыларга сабак …

Дальше »

УКШ кайрадан ажыларга тамак-аш даярдоочу фирманы текшерди

Бүгүн, 13-июнь күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штабдын өкүлдөрү кыргызстандык ажыларга тамак-аш белендөөчү «Аль-Каян валь-Мумаййаз» фирмасына кайрадан барды. Штаб өкүлдөрү айрым ажылардын өтүнүчүнүн негизинде буга чейин да фирмага келишкенин, тамак-аш сапатын жана түрдүүлүгүн …

Дальше »