Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров Кара-Суудагы реконструкция болгон «Азатбек ажы» мечитинин ачылышына катышты

Бүгүн, 14-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы реконструкциялоодон өткөн «Азатбек ажы» мечитинин ачылыш аземине катышып, келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Курман …

Дальше »

Ошто экстремизмге, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча отурум өттү

Бүгүн, 14июнда Ош облустук администрациясынын жыйындар залында экстремисттик, террористтик агымдардын алдын алуу, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулукту токтотуу жаатында атайын отурум болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ОИИБдин жетекчиси  Дамирбек Исаев, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдумалик Акжолов жана …

Дальше »

Саудиянын ажылык министрлигинин өкүлү кыргызстандык ажылардан кабар алды

Бүгүн, 14-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык-умра министрлигинин өкүлү Сарах Саад Аль-Магриби Минадагы кыргызстандык ажыларды зыярат кылды. Өкүл зыяратынын жүрүшүндө 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын жетекчилиги менен жолугушуп, быйылкы жылы кыргыз өлкөсү ажылыкты жогорку деңгээлде …

Дальше »

Ош шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, Курман айт майрамы жана жайкы лагер маселеси каралды

Ош шаардык мусулмандар казыяты жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрүп, анын алкагында  Курман айт майрамы жана жайкы лагерди уюштуруу маселеси каралды. Шаар казысы жалпы мечиттердин тазалыктарына көңүл буруп, даярдыктары көрүү тапшырмасын берди. «16-июнь күнү Курман айт …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы кыргызстандык ажыларга сабак өттү

УКШ өкүлү, АК төрагасы Замир кары Ракиев ыйык Мекке шаарынын Азизиййе жана Кудей райондорунда жайгашкан №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12 жана №13 конок үйлөрүнө жайгашкан кыргызстандык ажыларга сабак …

Дальше »

УКШ кайрадан ажыларга тамак-аш даярдоочу фирманы текшерди

Бүгүн, 13-июнь күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штабдын өкүлдөрү кыргызстандык ажыларга тамак-аш белендөөчү «Аль-Каян валь-Мумаййаз» фирмасына кайрадан барды. Штаб өкүлдөрү айрым ажылардын өтүнүчүнүн негизинде буга чейин да фирмага келишкенин, тамак-аш сапатын жана түрдүүлүгүн …

Дальше »

Чыңгыз Турдугулов: «Медициналык кызматкерлер ажылардын кызматында»

САПтын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабындагы 20 врач ажылардын саламаттыгы боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул боюнча врач Чыңгыз Турдугулов жеринен билдирди: «Мекке шаарында эки жерге медпункт ачылган. Медпунттарда саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан …

Дальше »

Жолдошбек ажы Абдылдаев Меккедеги ажыларга кызмат көрсөтүү бюросун зыярат кылды

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлү, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында жайгашкан Ажылык-умра министрлигинин алдындагы ажыларга кызмат кылуучу бюрону зыярат кылды. Зыяраттын алкагында Мина, Арафат жана Муздалифадагы графиктер, кыргызстандык …

Дальше »

УКШ: «Мина жана Арафат ажыларды тосуп алууга даяр»

Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штаб Мина жана Арафат өрөөнүн зыярат кылып, кыргызстандык ажылар калчу жер, чатырлар жана шарттарды текшерүүдөн өткөрдү. «Алла Таала насип кылса, бул жылы ажыларыбызга түзүлгөн шарттар кыйла жакшырды. Бул үчүн тийиштүү …

Дальше »

Акжол ажы Бакиров: Айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылалы

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, айт майрамына карата даярдыктарды көрүү тууралуу тапшырма берди. «Айт майрамына карата мечиттердин тазалыгын камсыздоо жана келген жамааттын ибадат …

Дальше »

Абибилла ажы Кадырбердиев: «Мекен мага эмне берди деп эмес, мен Мекенге эмне кылдым деген сезим менен жашообуз керек»

Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» иш-чаралар планынын 6-10-11-пунктарын аткаруу максатында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу мекеме …

Дальше »

Өзгөндө Курман айт майрамына карата 100 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун мусулмандар хатибияты 2024-жылдагы садака-фитрдин райондук хатибиятта калтырылган бөлүгүнө райондогу ар бир  айыл өкмөттөн бештен муктаж үй-бүлө жардам баштыкчаларын таратты. «Курман айт майрамына карата көптөгөн иштерди пландап жатабыз. Алардын алгачкысы муктаж …

Дальше »