Тоң районунун баш имам-хатиби Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылды

Бүгүн, 10-март күнү Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылып, бардык кызматкерлерге лекция өттү. Сабактын жүрүшүндө зордук-зомбулук, ысырапкорчулук, экстремизм, терроризм жана башка олуттуу темалар талкууланып, маанилүү маалыматтар берилди. …

Дальше »

Жети-Өгүздө 4 мектепте жана маданият үйүндө түшүндүрүү иш-чаралары өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир катар мектептерде жана маданият үйүндө окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Барскоон айылында эки мектепте, Тамга жана Тосор айылдарындагы мектептерде, ошондой эле Барскоон айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жыйындар болуп өттү. …

Дальше »

Бөкөнбай айылында мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабагы өтүлдү

Бүгүн, 4-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбай айылында Алтымышбай атындагы орто мектебинде жогорку класстын окуучулары үчүн жыйын өттү. Жыйынды Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов өткөрүп, анда рэкетчилик, зордук-зомбулук, салттуу ислам, жакшы кулк-мүнөз …

Дальше »

Караколдо мектептерде жаш өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча жыйындар өттү

Каракол шаарындагы бардык мектептерде жаш өспүрүмдөрдүн мушташтарын, рекетчиликти жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча ата-энелер жана жогорку класстын окуучулары менен жыйындар өткөрүлдү. Жыйындарга Ысык-Көл облусунун орун басар казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышып, терс көрүнүштөрдүн …

Дальше »

Самидин кары Каракол борбордук мечитинде орозо тууралуу баян кылды

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарынын борбордук мечитинде таравих намазында элди орозонун кирип келиши менен куттуктап, анын мааниси тууралуу баян кылды. Ошондой эле, бул мечитте жаш кары Нур-Мухаммад Саламатов таравих намазында Куран хатмын …

Дальше »

Ак-Төбө айылында имамга унаа белек кылынды

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Төбө айылынын жашоочулары, өзгөчө жаштары айылдын имамы Майрамбек Жанибековго унаа белек кылышты. 12 жылдан бери имамдык кызматты аркалап, айыл элине диний илим-билим жана тарбия берип келген Майрамбек ажынын эмгегин жогору баалаган тургундар …

Дальше »

Ысык-Көлдө “Мурас” мечити пайдаланууга берилди

Бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Орук айылында жаңы курулган “Мурас” мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул ыйык жайды Майрамкүл Кулова балдары менен бирге куруп, маркум жолдошу Смадияров Айдарбектин арбагына арнады. Маркум …

Дальше »

Жети-Өгүздө имамдардын жыйыны өтүп, орозого даярдык талкууланды

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби жана анын орун басары Кызыл-Суу борбордук мечитинде жалпы район имамдары менен жыйын өткөрдү. Жыйында мечиттерге коюлган QR-коддор, мечиттердин абалы жана катталуусу, имамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды. Ошондой эле орозо айына даярдык …

Дальше »

Каракол шаарынын баш имам-хатиби болуп Рустам ажы Ыбыкеев дайындалды

Бүгүн, 31-январда Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарынын баш имам-хатиби кызматына Рустам ажы Ыбыкеевди дайындады. Облус казысы Каракол шаарынын борбордук мечитинде жума баянынан кийин жаңы баш имам-хатибди жамаатка тааныштырды. Самидин кары Рустам …

Дальше »

Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган Президенттин өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 31-январь күнү Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович менен жолугушту. Жолугушууда тараптар облус аймагында диний сабаттуулукту жогорулатуу, коомдук ынтымакты бекемдөө жана социалдык …

Дальше »

Ысык-Көл районунун Орто-Орукту айылынын имамына умра сапарына сертификат берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Орукту айылынын имамы Жекшенбекке Ибраевге айыл жаштары тарабынан умра сапарына жолдомо сертификаты тапшырылды. Бул сый-урмат анын 12 жылдан бери айыл элине кылган үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык белгиси катары берилди. Имам …

Дальше »

Жети-Өгүз жана Каракол имамдары үчүн уюштурулган окуу курсу аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында башталган Жети-Өгүз районунун жана Каракол шаарынын имамдары үчүн уюштурулган төрт күндүк окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Курстун алкагында имамдар «Акыйда Насафия» китебин толук аяктап, диний билимдерин тереңдетишти. Окуунун соңунда жалпысынан 80ден ашуун имамга …

Дальше »