Ноокатта «Исламда үй-бүлөлүк мамилелер» аттуу жыйын өтүп, ага Аалымдар кеңешинен, казыяттан жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн катышты

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Исламда үй-бүлөлүк мамилелер» аталышында жыйын болуп өттү. Аталган жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, …

Дальше »

Базар-Коргондогу мечиттердин жана диний окуу борборлордун шарттары жеринде текшерилди

Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Нармамат ажы Икрамов Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен биргеликте райондогу жайкы эс алуу мезгилинде Куран үйрөнүү, таалим-тарбия берүү багытында жаштар үчүн уюштурулуп жаткан мечиттердин жана диний …

Дальше »

Дастан ажы Мамаев: Берешендик — бул Алла Тааланын берген жакшылыктарына шүгүр келтирүүнүн белгиси

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жергиликтүү демөөрчү менен биргеликте райондогу муктаж үй-бүлөлөргө 180 миң сомдук кийим-кече таратты. «Берешендик — бул Алланын берген жакшылыктарына шүгүр келтирүүнүн белгиси. Башкаларга садака берүү менен …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы имамдар арасыда “Фикх” китеби боюнча сынак старт алды

Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы имамдар арасында “Фикх” ханафи мазхабынын далилдери аттуу китеп боюнча сынак жарыялады. Анда имамдар аталган китепти толук окуп, андагы  суунун өкүмүнө чейинки маселелер боюнча күч сынашат. Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында баш имам-хатибтин катышуусунда жарандара экстремизм, терроризм, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаарынын Тукубай Тайгараеев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, аракечтик, экстремизм, терроризмге жол бербөө жана жашы жете электерге нике кыйбоо  жаатында пикир алышты. “Өмүр-бул …

Дальше »

Ноокатта улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программанын алкагында айымдар үчүн семинар уюштурлду

Ош облустук казыяты тарабынан улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программанын планынын 6-10-11-пунктарын аткаруу максатында Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу жалпы аялдарга семинар уюштурулуп, анда мекенди сүйүү, мамлекеттик символдорду сыйлоо,улуттук калоритке жана …

Дальше »

Алайда мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйын өттү

Кечээ, 19-июнь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын тездетүү боюнча жыйын өтүп, ага Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы …

Дальше »

Шыдыр айылынын жаштары курман айт майрамына карата айыл имамына аргымак мингизишти

Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр айылынын «Бабедин ата» мечитинин баш имамы Сабырбек  ажы Кыпчакбаевге ушул эле айылдын Бишкек шаарында жашаган жаштары өздөрүнүн  атынан курман айт майрамына карата аргымак мингизишти. Шыдыр айылынын жаштары айыл имамынын элге кылган …

Дальше »

Ноокатта жаштар арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагындагы «Арык Тейит» мечитинде жаштар арасында пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө: 1-орун 20 миң сом 2-орун 15 миң сом 3-орун 10 …

Дальше »

Курман айт майрамына карата Кызыл-Үңкүр айылынын баш имамына жергиликтүү жашоочулар «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты

Курман айт майрамына карата Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын баш имамы Нурали  ажы Дооронбаевге жаштар жана 1974-жылкы айыл тургундары «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. «Кызыл-Үңкүр айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын …

Дальше »

Ошто экстремизмге, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча отурум өттү

Бүгүн, 14июнда Ош облустук администрациясынын жыйындар залында экстремисттик, террористтик агымдардын алдын алуу, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулукту токтотуу жаатында атайын отурум болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ОИИБдин жетекчиси  Дамирбек Исаев, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдумалик Акжолов жана …

Дальше »

Ош шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, Курман айт майрамы жана жайкы лагер маселеси каралды

Ош шаардык мусулмандар казыяты жалпы мечит имамдарына жыйын өткөрүп, анын алкагында  Курман айт майрамы жана жайкы лагерди уюштуруу маселеси каралды. Шаар казысы жалпы мечиттердин тазалыктарына көңүл буруп, даярдыктары көрүү тапшырмасын берди. «16-июнь күнү Курман айт …

Дальше »