Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жайыл районунун имамдары, «Куран Нуру» жана «Азрети Усман» Ислам институтунун студенттеринен турган топ ишембиликке чыгып, Кара-Балта шаарынын Жайыл Баатыр, Кожомбердиев, Пограничный жана Сосновка бурулушун тазалашып, таштандылардан арылтышты.
«Ишембиликке 200гө жакын имам, студент жана 3000ден ашуун жарандар чыгышып, толугу менен бөлүнгөн көчөлөрдү тазалап чыгышты»,-деди Нурдан ажы Өмүралиев.