Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2018-жылдын 14-октябрда Москова шаарындагы борбордук мечитте Орусияда эмгектенип жатышкан Кыргызстандык мекендештерибиз менен жолугушат. Жолугушуу Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддиндин чакыруусу менен уюштурулууда.
Жолугушуу алкагында:
-Үй-бүлөнү сактоо
-Адал ырыскы
-Берекелүү жашоо
-Ынтымактуулук
-Эне тили жана балдардын тарбиясы
-Экстремизмге каршы күрөшүү
-Ханафий мазхабын терең үйрөнүү
-Мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча баяндамалар айтылмакчы. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, алардын ал жайынан кабар алмакчы.
Дареги: Москва шаары, Тынчытык прспектисинде жайгашкан борбордук мечит
Жолугушуу 14-октябрда саат 12:30да уюштурулмакчы.