Эгемендиктин баркын билип, туубузду аздектейли

Алла Таалага чексиз шүгүр, Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана 90 пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, жашоо кечирип келебиз. Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” демекчи, кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен кыйынчылык, оор мезгилдерди башынан кечирген. Даанышман элибиз башына мүшкүл иш түшкөндө бир муштумга биригип, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип келген.
Андыктан ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрүүбүз кажет.

Урматтуу кыргыз элим! Аллага шүгүрлөр болсун, мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динде эркин жашап жатабыз. Бул эгемен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү, динибиздин туура жайылуусу. Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу.

Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы.

Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү!