Сузактагы имамдар экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана ар кандай конфликттерге жол бербөө боюнча эл менен тыгыз иштешүүнү талкуулашты

Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүнүн имамдарына баш имам-хатиб  Жунус ажы Исмаилов экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, жашы жете электерге нике кыйбоо, райондун аймагында диний маанайда келип чыккан конфликттерди болтурбоо сыяктуу маселелер боюнча жыйын өткөрүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар Бек-Абад айылында болгон окуя каралып, анын алкагында диний баалулуктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эгемендүүлүктүн негизги белгилерин аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына салым кошуу керектиги айтылды.