Жайкы лагер жана окутуу курстарын уюштуруучу тараптар төмөндөгү эреже-тартиптерди эске алуусу шарт

Жайкы лагер жана окутуу курстарын уюштуруучу тараптар төмөндөгү эреже-тартиптерди эске алуусу шарт

Маалымат толугу менен берилет

  1. Жайкы лагерлер жана окутуу курстары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан (ДИМК) каттоодон өткөн мечиттерде, диний окуу жайларда жана жетекчинин (мүдүрдүн) буйругу менен диний уюмдун же окуу жайдын жетекчисинин жеке жоопкерчилиги астында уюштурулат.
  2. Жайкы лагерлер жана окутуу курстарын уюштуруучулар, жергиликтүү казыяттарга кат менен кайрылат. Жайкы лагерлер жана окутуу курстарын уюштуруу үчүн имарат жана анын шарттары ушул жободо көрсөтүлгөн талаптарга жооп бергендиги тууралуу акт түзүлгөндөн кийин, казыяттардын уруксаты менен башталат.
  3. Жайкы лагерлер жана окутуу курстары эки түрдүү формада уюштурулат:
    • Күндүзгү (жатаксыз жана тамаксыз), келип кетип окуучу тарбиялык курстары:
      • Окуу курсу облустук жана шаардык казыяттардан уруксат алган, талапка жооп берген мечиттерде же медреселерде казынын жазуу түрүндөгү макулдугу менен уюштурулат.
    • Катышуучу балдардын ата-энелеринин арызынын негизинде уюштуруучу тарап алар менен өз ара келишим түзүшөт. (Келишимде ата — энелердин макулдугу, тил каты ж.б нерселер камтылууга тийиш).
    • Кабыл алынган балдар үчүн жеке делосун түзүү. (жеке делодо ата-эне менен окуу курстун ортосундагы келишим, медициналык справка, баланын анкетасы, жашаган жеринен справка, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ж.б ).
    • Күндүзгү курстардын режими бир күндө 2-3 сааттан ашпоого тийиш.
    • Окутуу курсунун окуу программасы аймактык казыяттар тараптан бекитилет.
    • Аймактык казыяттар жума сайын катышуучулардын билим деңгээлин программага ылайык текшерет. Жыйынтыгы боюнча эки жумада бир жазуу түрүндө маалымат отчетторун КМДБга тапшырат.
    • Аймактык күндүзгү окуу курстардын жалпы иштери боюнча мечиттин имамы, медресенин мүдүрү жана аймактын казысы жооптуу.
  • Лагерлер:
  • Катышуучу балдардын ата-энелеринин арызынын негизинде  уюштуруучу тарап,  алар менен өз ара келишим түзүшөт. (Келишимде ата-энесинин макулдугу, тил каты камтылууга тийиш).
  • Кабыл атынган балдар үчүн жеке долосун түзүү. (жеке делодо ата-эне менен лагер ортосундагы келишим мед.справка, баланын анкетасы, жашаган жеринен справка, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ж.б ).
  • Жайкы лагерлердин персоналдык курамында төмөнкү адистер болууга тийиш:
  • Мугалим:
  • Тарбиячы:
  • Мед.кызматкер:
  • Ашпозчу:
  • Кароолчу:
  • Тазалык кызматкери.
  • Жайкы лагерлердин кызматкерлери үчүн жеке делолорун түзүү (мед. китепчеси, паспорту, диплому, келишими, анкетасы, жашаган жеринен справка, психикалык ден соолугу тууралуу, соттолбогондугу жөнүндө аныктама).
  • Жайкы лагерлерди уюштурулуучу имараттар санэпидемстанциядан жана өрт коопсуздук кызматынан талаптарга жооп бергендиги боюнча аныктама алуусу шарт.
  • Имаратта алгачкы жардам көрсөтүүчү шаймандар жана мед.пункт болушу керек.
  • Имаратта жатаканасы, класстары, дааратканалары (душ, туалет, кир жуучу жайы), ашканасы болушу шарт.
  • Жатаканада керебетсиз жерге жаткырууга жана имараттын сыртына жаткырууга болбойт.
  • Катышуучу балдарда тапочка, уктоочу кийимдери, шейшептери, самыны, жүз арчыгычтары, тиш паста жана щёткалары болуусу шарт.
  • Жайкы лагердин катышуучуларынын жашы 10-14 жаштагылар өзүнчө, 15-18 жаштагылар өзүнчө группага бөлүнөт. Бир группада жыйырма беш баладан ашпоо керек.
  • Жайкы лагердин мөөнөтү 15 же 20 күнгө чейин болот.
  • Жайкы лагердин күн тартиби жана бир күндө төрт маал тамактануунун бир жумалык менюсу иштелип чыгып, бекитилүүсү милдет. Тамактардын сапаты жана анын санитардык нормаларга жооп берүүсү милдеттүү.
  • Жайкы лагердин окуу программасы аймактык казыяттар тараптан бекитилет.
  • Жайкы лагердин бардык жоопкерчилиги аймактын казысына, окуу жайдын директоруна жана уюштуруу жетекчисине жүктөлөт.
  • Жайкы лагер же окуу курстарын ушул жободон тышкары өз алдынча уюштурган диний кызматкерге жана диний уюмдун жетекчилерине КМДБ тарабынан  административдик жоопкерчилик каралат.
  • Аймактык казыяттар жума сайын катышуучулардын билим деңгээлин программага ылайык текшерет. Жыйынтыгы боюнча эки жумада бир жолу жазуу түрүндө маалымат отчетторун КМДБга жана лагер аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына тапшырат.
  • Ар бир казыят өзүнүн аймагында ачылган окуу курстар жана лагерлер боюнча 5 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аймактык бөлүмдөрүнө билдирүү жиберет.
  • Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке алып келет.