Абдималик ажы Турсунбеков: Кээ бир бүтүрүүчүлөргө даярдануусу үчүн кошумча 1 ай убакыт берилди

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков облус аймагындагы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) курамына кирген диний окуу жайлардын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу сынактарына катышып, акыйда сабагы боюнча тест жана жазуу түрүндө кошумча сынак өткөрүүдө.

Өткөрүлүп жаткан сынактардын натыйжасында айрым бүтүрүүчүлөргө даярдануусу үчүн кошумча бир ай убакыт берилди.

«Диний окуу жайлардагы быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлдери жакшы экендиги сынак учурунда байкалып жатат. Кой аксагы менен жүз демекчи, айрым бүтүрүүчүлөргө даярдануусу үчүн кошумча бир ай убакыт берилди. Жалпысынан 2023-2024 окуу жылында облус аймагындагы ДОЖдордон 286 студент окуусун бүтүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөрүбүз Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын бекем карманган мыкты адистер болуп жетилет деп ишенебиз»,- деди Абдималик ажы Турсунбеков.