Ноокен райондук хатибияты Куранды жатка окуган жай тургундар арасында сынак жарыялады

Жалал-Абад облусттук мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен Ноокен райондук хатибяты Алла Тааланын  кереметтүү сөзү болгон Курани карим боюнча жай тургундар арасында сынак жарыялайт.

Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков сынака катышуучулардын жашы чектелбестигин, алдын ала райондук хатибиятка же атайын номерге байланышып каттоодон өтүшү керектигин айтты.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) кутту хадисинде, -“Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр” – деген. Биз хадиске амал кылып, казынын тапшырмасы менен бул сынакты жарыялап жатабыз. Максатыбыз Алла Тааланын сөзү болгон Курани каримди жай тургундар арасында жайылтуу, жаштардын Куранга болгон кызыгуусун күчөтүү менен элдин диний сабаттуулугун арттыруу”,-деди Ноокендин баш имам-хатиби.

Эскертүү, сынак ушул жылдын 14-июнь күнү Кочкор-Ата шаарындагы Ибрахим Халил атындыгы борбордук мечитке өтөт. Кошумча маалымат алууну каалагандар  +996556003696, +996773450707  номерлерине байланышса болот. Сынактын катышуучулары жана жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат.