УКШ кыргызстандык ажыларды тейлеп жаткан «Икрам Дайф» фирмасын зыярат кылды

КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, АК төрагасы Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Самидин кары Атабаев баштаган көчмө штаб өкүлдөрү Саудиядагы кыргызстандык ажыларды тейлеген «Икрам Дайф» фирмасын зыярат кылды.

Зыяраттын жүрүшүндө КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров 2024-жылдагы ажыларды тейлөө жана кызмат кылуу жаатындагы эмгеги үчүн аталган фирмага ыраазычылык билдирип, артыкчылыктуу багыттарды атап өттү.
Директор өз сөзүндө өлкө жетекчилиги ажылык ибадатынын жогорку деңгээлде орундалышына кызыктар экенин, бул Кыргызстандагы калыпка түшкөн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жетишилген натыйжасы жана жемиши экенин кошумчалады.