КРнын САПтагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси ажылардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында ажылык ибадатын өтөп жүргөн кыргызстандык ажылар менен жолугушту. Жолугушууга быйылкы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баштаган штаб өкүлдөрү жана ажы башчылар катышты.

Элчи быйылкы ажылыкты уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, жалпы тартиптер жана тийиштүү эрежелер, САПтын ажылык министрлиги тарабынан ибадатты жеңилдештирүү жана кызматты жакшыртуу боюнча аткарып жаткан реформалары боюнча токтолуп өттү.
Штаб төрагасы атайын убакыт бөлүп, ажылардан кабар алганы үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.