КР ДИМК директору ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын ишмердүүлүгү менен таанышты

КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын ишмердүүлүгүнөн кабар алып, ажылык боюнча аткаралып жаткан иштер тууралуу маалымат укту. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, АК төрагасы Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Самидин кары Атабаев баштаган көчмө штаб өкүлдөрү катышты.
САП тарабынан ажылыкты уюштуруу жылдан-жылга жакшыруу менен бирге талаптар жогорулап жатканын билдирген директор ажылык күндөрү жоопкерчилик жана күжүрмөндүк менен иш алып барып, мамлекетибиздин жүзүн эң мыкты деңгээлде таанытууну табыштады.