Асан ажы Сыргабаев ажыларды тамак-аш менен камсыздоочу фирманы текшерди

Бүгүн, 12-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, УРШ өкүлү Асан ажы Сыргабаев кыргызстандык зыяратчыларды тамак-аш менен камсыз кылуучу «Аль-Каян вал-Мумаййаз» фирмасын зыярат кылып, тамак-аштын даярдалуу жана ажыларга таратуу жараянын текшерди.
«Ажылар – Алланын коноктору. Аларга эң жакшы тамактар берилиши кажет. Айрым учурларда кээ бир конок үйлөрүнө нан, суу өңдүү зарыл азык-түлүктөр кечигип барса, кээде тамак жетпей калган учурлар болуп калып жатат. Бул кемчиликтерди жоюш керек. Ошондой эле тамак-аштын сапаты жакшыртылышы шарт», – деди Асан ажы.
Азирети Муфтийдин орун басары өз сөзүндө ажылыкты уюштуруу боюнча штаб ажыларды тамак-аш менен камсыздоочу фирмалар ортосунда ачык конкурс өткөргөнүн, анын алкагында «Аль-Каян вал-Мумаййаз» фирмасы тандалганын, конкурста кызмат көрсөтүү жана тамак-аш түрлөрү жакшы презентацияланганын, бирок реалдуулукта ага шайкеш келбеген учурлар болуп калып жатканын айтып, келишимди так сактоого чакырды.