Өзгөндө Курман айт майрамына карата 100 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун мусулмандар хатибияты 2024-жылдагы садака-фитрдин райондук хатибиятта калтырылган бөлүгүнө райондогу ар бир  айыл өкмөттөн бештен муктаж үй-бүлө жардам баштыкчаларын таратты.

«Курман айт майрамына карата көптөгөн иштерди пландап жатабыз. Алардын алгачкысы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү деген чечимге барып, айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары менен кеңешип, ар бир айыл өкмөттөн бештен муктаж үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. 100 муктаж үй-бүлөгө майрамдык маанай тартууладык. Бул 2024-жылдагы садака-фитрдин райондук хатибиятта калтырылган суммасынын эсебинен уюштурулду»,- деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.

Айта кетсек, аталган иш-чарага райондун акими Каныбек Апбасов катышып, жергиликтүү тургундарды алдыдагы Курман айт майрамы менен куттуктап, майрам алдында өткөрүлүп жаткан жакшы иш-чараны уюштурган райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган дин кызматкерлерине ыраазылыгын билдирди.