Абибилла ажы Кадырбердиев: «Мекен мага эмне берди деп эмес, мен Мекенге эмне кылдым деген сезим менен жашообуз керек»

Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» иш-чаралар планынын 6-10-11-пунктарын аткаруу максатында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу мекеме ишканалардын жетекчилери жана дин кызматкерлеринин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттар аралык ынтымак, улуттук калоритке жана жергиликтүү маданиятка туура келген кийимдерди кийүү, мекенди сүйүү жана мамлекеттик символдорду сыйлоо тууралуу баяндамалар жасалды.

Аталган иш-чарага Ош облустук администрациясынын өкүлү Хамидулла Исмаилов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, укук коргоо кызматкерлерин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, райондогу жалпы имамдар, медресе мүдүрлөрү жана мугалимдер, дарыгерлер, айыл башчы, эл башчы, мектеп жетекчилиги, жергиликтүү аксакалдар жана активисттер катышты.

«Мекен мага эмне берди деп эмес, мен мекенге эмне кылдым деген сезим менен жашообуз керек. Өлкөбүздө канча улут жашаса, анын баары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ынтымак, биримдикте болуусу, биргеликте аракет кылуусу жарандык милдет. Туулган жердин топурагы алтын деп бекеринен айтылбаса керек. Биз жашап жаткан чөлкөмдө нечендеген жылдар бою бекем кармап келген салттуу Исламды, тагыраак айтканда Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасынын Орто Азияда калыптанган үлгүсүн жаштарга туура жеткирүү керек. Мына ошондо диний маселелердеги пикир келишпестиктердин алдын алуу мүмкүн»— деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев

Андан соң ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу дин илимин алууну каалагандарга эсептик каттоодон өтүп, расмий иштеп жаткан ДОЖдорго баруусун айтып, жашыруун түрдө үйлөрдө окуу менен адашып кетүүсү мүмкүндүгүн жана мындай окуулар мыйзамсыз экендигин эскертти.