Акжол ажы Бакиров: Айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылалы

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, айт майрамына карата даярдыктарды көрүү тууралуу тапшырма берди.

«Айт майрамына карата мечиттердин тазалыгын камсыздоо жана келген жамааттын ибадат кылуусуна тиешелүү шарттарды түзүү керек.  Айт майрамына карата майрамдык иш-чараларды уюштуруп, майрам күнү жаш балдарга белек тапшырсак жакшы болот. Айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылалы. Балдарыбыз айт майрамына өзгөчө кубануу менен өткөрүүсү үчүн оюн-зоок жана майрамдык иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондой эле айт намазы мечиттерде окулгандыктан, келген жамааттын ибадат кылуусуна тиешелүү шарттарды түзүү үчүн даярдыктарды көрүңүздөр»- деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.