УКШ: «Мина жана Арафат ажыларды тосуп алууга даяр»

Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штаб Мина жана Арафат өрөөнүн зыярат кылып, кыргызстандык ажылар калчу жер, чатырлар жана шарттарды текшерүүдөн өткөрдү.
«Алла Таала насип кылса, бул жылы ажыларыбызга түзүлгөн шарттар кыйла жакшырды. Бул үчүн тийиштүү мекеме жана фирмаларга ыраазычылык. Ажылык үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлгөнү ажыларыбыздын ибадаттарын талаптагыдай орундатуусуна шарт түзөт», – деп билдирди штаб жетекчилиги.