Жолдошбек ажы Абдылдаев Меккедеги ажыларга кызмат көрсөтүү бюросун зыярат кылды

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлү, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында жайгашкан Ажылык-умра министрлигинин алдындагы ажыларга кызмат кылуучу бюрону зыярат кылды. Зыяраттын алкагында Мина, Арафат жана Муздалифадагы графиктер, кыргызстандык ажылардын визалары жана кайтуу графиктери боюнча пикир алышты.
Өз кезегинде Азирети Муфтийдин орун басары ажылыкка жана ажыларга кылган кызматтары үчүн аталган бюронун аткаруучу директору Амир аз-Зайнабга терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткирди.