Чыңгыз Турдугулов: «Медициналык кызматкерлер ажылардын кызматында»

САПтын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабындагы 20 врач ажылардын саламаттыгы боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул боюнча врач Чыңгыз Турдугулов жеринен билдирди:
«Мекке шаарында эки жерге медпункт ачылган. Медпунттарда саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн 20 врачыбыз күнү-түнү иш алып барып жатат. Алардын ар бири өз багытында профессионал. Климаттын өзгөчөлүгү, сырттагы жогорку температура жана үй ичиндеги кубаттуу кондиционерлер себептүү айрым ажыларыбыздын өнөкөт оорулары козголгон учурлар бар. Биздин дарыгерлер өз учурунда медициналык жардам көрсөтүп, дары-дармек берип, айтор ажыларга кызмат кылышууда. Биз Мина, Арафат жана Муздалифада да күчөтүлгөн тартипте иш алып барабыз».