УКШ кайрадан ажыларга тамак-аш даярдоочу фирманы текшерди

Бүгүн, 13-июнь күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу көчмө штабдын өкүлдөрү кыргызстандык ажыларга тамак-аш белендөөчү «Аль-Каян валь-Мумаййаз» фирмасына кайрадан барды.
Штаб өкүлдөрү айрым ажылардын өтүнүчүнүн негизинде буга чейин да фирмага келишкенин, тамак-аш сапатын жана түрдүүлүгүн арттыруу боюнча тапшырма беришкенин белгилеп, штаб менен фирманын ортосундагы келишимге ылайык түшкү жана кечки тамактанууга таттуулардан да кошууну айтышты.
Эскерте кетсек, учурда Мекке шаарында 6000 ден ашуун кыргызстандык зыяратчы ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн даяр турушат. Алар бүгүн кеч Минага көчүп кетишет жана 15-июнь күнү ажылыктын негизги фарздарынын бири болгон «Арафатка турууну» аткарышат.