Саудиянын ажылык министрлигинин өкүлү кыргызстандык ажылардан кабар алды

Бүгүн, 14-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык-умра министрлигинин өкүлү Сарах Саад Аль-Магриби Минадагы кыргызстандык ажыларды зыярат кылды. Өкүл зыяратынын жүрүшүндө 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын жетекчилиги менен жолугушуп, быйылкы жылы кыргыз өлкөсү ажылыкты жогорку деңгээлде уюштурганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, зыяратчылар бүгүн Минада түнөсө, эртең Арафатка көчүшүп, ажылык ибадатындагы «Арафатка туруу» фарзын аткарышат.