Ошто экстремизмге, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча отурум өттү

Бүгүн, 14июнда Ош облустук администрациясынын жыйындар залында экстремисттик, террористтик агымдардын алдын алуу, баңгизатка каршы күрөшүү жана зордук-зомбулукту токтотуу жаатында атайын отурум болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ОИИБдин жетекчиси  Дамирбек Исаев, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдумалик Акжолов жана Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышып, коомго терс таасирин тийгизген террористтик уюмдардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын  министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 токтому менен бекитилген “Баңгизаттарга каршы программасын” жана 2022-2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында Ош шаарынын аймагында баңгиликти, дарылык наркоманияны, синтетикалык  баңгизаттарынын таралышын токтотуу маселеси каралды.

«Өсүп келе жаткан муунга баңгизаттарынын зыяндуулугу боюнча дин кызматкерлери дайыма айтып келебиз. Эң башкысы ата-энелер менен иштөөнү күчөтүп, мектептерде, коомдук жайларда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштөө керек. Тарбиянын башаты үйдө эмеспи. Андыктан ата-эне менен тыгыз кызматташып, балдардын тарбиясы, ыйманы жана адеп-ахлагы боюнча түшүндүрүү, агартуу иштерин биргеликте жасообуз маанилүү. Ал үчүн бийлик өкүлдөрү дин кызматкерлери үчүн атайын аянтчаларды түзүп бериши өтө зарыл»,-деди шаар казысы.