Бүгүн, 14-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы реконструкциялоодон өткөн «Азатбек ажы» мечитинин ачылыш аземине катышып, келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Курман айт майрамы менен куттуктап, жума баянында курмандык чалуу темасында баяндама жасады.
Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын соңунда «Анаркан ажы эне» ислам окуу борборунун курулушуна капсула салуу жөрөлгөсү аткарылып, мамлекет, эл үчүн бата кылынды.