Курман айт майрамына карата Кызыл-Үңкүр айылынын баш имамына жергиликтүү жашоочулар «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты

Курман айт майрамына карата Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын баш имамы Нурали  ажы Дооронбаевге жаштар жана 1974-жылкы айыл тургундары «Honda CR-V» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

«Кызыл-Үңкүр айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртууда талыкпастан эмгектенип келе жаткан имамга ыраазычылык иретинде «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унааны белек катары беришти.

«Бул имамга карата элинин, досторунун урматы болсо, имамдын эмгегин баалаган элдин берешендиги. Жергиликтүү тургундардан Жараткан ыраазы болсун», – деди облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков.