Нарын облустук казыяты тарабынан 26, Кочкор районунда 25 бодо мал курмандыкка чалынып, муктаждарга таратылды

Нарын облустук казыяты тарабынан быйыл жалпы саны 26 бодо мал курмандыкка чалынып, 15 бодонун эти  үлүш ээлерине жана казыяттын тизмегиндеги аз камсыз болгон  жарандарга таратылып берилди. Ал эми калган 11 бодонун эти Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы балдар-кыздар медресесине бөлүнүп берилди.

«Сиздердин сойгон курмандыктарыңыздарды Алла Таалам кабыл кылып, ар кандай кырсыкардан, оорулардан Жаратканым сактасын. Балдарыңыздар ыймандуу чыгып, эли-жерине, асыл динине кызмат кылган улуу инсандардан болушсун! Сиздер биздерге ишеним артып, биз менен биргеликте чалган курмандыктар акыретте жалпыбызга жемишин берсин!»,- деди Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов.

Ал эми Кочкор райондук хатабияты быйылда курмандык чалууда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, быйыл район боюнча жалпы 25 бодо мал курмандыкка чалынды.  Чалынган курмандыктардын эттери айыл ичиндеги аз камсыз болгон тургундарга таратылып берилген.

«Чолпон айылында курмандык чалуу жөрөлгөсү жогорку деңгээлде уюштурулуп келет. Мына ушул жакшы саамалыкты айылдын 1980-жылкы азаматтары уштуруп келишүүдө. Мына ошол жакшы саамалыктын жыйынтыгы ирээтинде чакан айылды быйыл 14 баш бодо жана бир нече майда жандыктар курмандыкка чалынса, Ара-Көл айылында 2 бодо, Кочкор айылында 4 бодо, Көк-Жар айылында 3 бодо, Исакеев айылында 2 бодо мал бир нече майда жандыктар курмандыкка чалынды»,-деди райондун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев.