Ноокатта жаштар арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагындагы «Арык Тейит» мечитинде жаштар арасында пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр баяны боюнча конкурс өткөрүлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө:

1-орун 20 миң сом
2-орун 15 миң сом
3-орун 10 миң сом каралган. Ал эми калган катышуучуларга стимул катары  кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Аталган конкурста калыстык кылуу үчүн Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, орун басары Имамидин ажы Мамасадыков жана жергиликтүү имамдар катышты.

«Китеп окуу менен адамдын сөз байлыгы өсүп, дүйнө таанымы кеңейет. Силер да, атайын китеп окуп, конкурска катышып жатасыңар. Китептен алынган пайда сыйлыктан жогору болуп саналат. Болгондо да пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр баянын окуу менен динибиз тууралуу так маалыматка ээ болдуңуздар. Китеп окуунун пайдалары өтө көп. Ал эми диний китеп окууда, расмий имамдарыбыздан сурап, тактоо керектигин эскертебиз. Баарыңарга ийгилик каалайбыз. Китеп окууну күнүмдүк адатка айлантасыздар деп ишенебиз»,- деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров

Айта кетсек, аталган конкурстун тапшырылган сыйлыктары Төрөбай Кулатов айыл аймагындагы 1998-1999-жылкы айыл тургундары тарабынан каржыланган.