Баткенде айымдар үчүн атайын курман айт майрамы уюштурулду

Бүгүн, 18-июнь күнү Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан айымдар үчүн атайын курман айт майрамы уюштурулду. Саамалыкка Баткен облусунун  мусулмандарынын казысы Нуридин  ажы Мамасабиров, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы, «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Фронтбек кызы Жамал, облустун ар аймагынан келген аялдар жамааттары катышты.

Иш-чарада коноктор кыргыздын улуттук тамак-аштары коюлган көргөзмө менен таанышып, саамалык куран окуу менен башталды. Алгач Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров бүгүнкү жолугушууга келген айымдарды курман айт майрамы менен куттуктап, айт майрамы, курмандык чалуунун маанилүүлүгү жана эрежелери боюнча  маалымат берди. Муну менен катар облус казысы Жараткандан жакшылыктарды, элге ынтымак, бакубат жашоо, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүү, бейкутчулукту тилеп, бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалап бата кылды.

Бул күнү айымдарга насааттар айтылып, суроо-жооптор, кызыктуу сынактар уюштурулуп, мыкты катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси тарабынан бир жылдык куран курсун бүткөндөргө сертификаттар тапшырылып, саамалыкты  уюштургандарга ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Баткен казыятынын аялдар бөлүмүнүн адиси жана ишкер айымдардын демөөрчүлүгү менен уюштурулган ушундай эле иш-чара буга чейин Раззаков шаарында өткөрүлгөн.