Шыдыр айылынын жаштары курман айт майрамына карата айыл имамына аргымак мингизишти

Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр айылынын «Бабедин ата» мечитинин баш имамы Сабырбек  ажы Кыпчакбаевге ушул эле айылдын Бишкек шаарында жашаган жаштары өздөрүнүн  атынан курман айт майрамына карата аргымак мингизишти.

Шыдыр айылынын жаштары айыл имамынын элге кылган кызматын баалап, жаштарга туура тарбия берүүдө айткан акыл насааттарын айтышса, айыл аксакалдары имамдын ислам дининин баалулуктарын элге жеткирүүдө кылган кызматтарын, эл менен жакындан кызматташкандыгын айтып, алкоо сөздөрү менен ак баталарын беришти.

«Ким дин үчүн Алла Таала үчүн ак дилден кызмат кылса анын акыбети сөзсүз кайтат. Сиздердин бул белегиңиздер мен үчүн эмес, дин үчүн кылган кызматым үчүн болуп жатат. Ошондуктан дагы да динибиз, сиздер үчүн ак дилден кызмат кыла беребиз. Берешен элим, дайыма бар болуңуздар»,-деди Сабырбек  ажы Кыпчакбаев.