Самидин кары Атабаевдин апасы, хафиза энебиз Рабия Атабаева 97 жашында ааламдан өттү. Азирети Муфтий карылардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Жаратып бул дүйнөгө тапкан апа,

жашырып жаманыңды жапкан апа.

Жаныңдан амандыгын күндө тилеп,

жатаарда дуба кылып жаткан апа.

Ак кийгизип ак жедирип баккан апа,

абайлап ак бешикке салган апа.

Агарып таң атканча карыш жылбай

Алдейлеп карап сени жаткан апа демекчи, асыл апалар балдарын ары ыймандуу, билимдүү кылып өстүрөт эмеспи. Дал ушундай асыл апалардын бири, 97 жашка келсе дагы ыйык Куранды толук жаттап, уул-кыздарын, небер-чөбөрөлөрүн толугу менен аалым, кары кылган Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаевдин апасы,  хафиза энебиз Рабия Атабаева ааламдан өттү. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жалпы түзүмүнүн жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Чындыгында Рабия энебиз жашым өтүп калды дебестен Куранды толук жаттап, ошол эле учурда балдарын ислам динине кызмат кылган азаматтардан кылып тарбиялады. Мен, энебизди бул дүйнөдө «баатыр эне» дейт элем. Анткени, энебиз тарбиялаган уулдары ыйык Куранды дүйнөгө даңазалап, кыргыздын желегин желбиретип келишти. Алардын бири айтылуу Зиябидин кары болсо, Абдырахман кары, Самидин кары, Муса кары жана башкалары.

Урматтуу Самидин кары! Апаңыздын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум хафиза энебизди Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларын атаа кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кайгыңыздарды тең бөлүшөм.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров.