Ажылык амалдары жыйынтыкталып, уюштуруу иштерине сереп салынды

Ыйык Мекке шаарында Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык-умра министрлиги ажылык амалдарын жыйынтыкталышы жана уюштуруу иштерине багытталган жыйын өткөрдү. Жыйынга дүйнө өлкөлөрүндөгү ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу мекеме өкүлдөрү катышты.

Куран окуу менен башталган иш-чарада САПтын ажылык министри доктор Тауфик ар-Рабиъа 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштери, бул жааттагы санариптештирүү, ар кайсы өлкөлөрдүн ажылык иштерин алып баруучу организациялардын ишмердигине токтолуп, министрликтин өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди.

Саамалыкка Кыргызстан тараптан АК төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана штаб өкүлдөрү катышты.
Айта кетсек, Мина, Арафат, Муздалифа жана жамаратка таш ыргытуу ибадаттары өз тартиби менен аткарылып, жалпы 6018 кой курмандыкка чалынды. Ажыларыбыз ибадаттын соңку баскычы болгон коштошуу тавафын аткарган соң Мекенге сапар тартышат.