Алайда мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйын өттү

Кечээ, 19-июнь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын тездетүү боюнча жыйын өтүп, ага Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы Жусупов, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков, акимдин орун басары Болбур уулу Алтынбек, айыл өкмөт башчылары, имамдар, архитектура жана ушул ишке тиешелүү мекеме кызматкерлери катышты.

«Кайсыл айылда жаңы мечит курула турган болсо, адегенде тиешелүү иш кагаздарын карап чыгышсын. Кызыл сызык же сайдын боюна туруп калып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрө албай калбайлы. Куруп бүткөндөн кийин ачыкка чыккан мечиттер болуп жатат. Аларды аныктоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барабыз»— деди Алибек ажы Жусупов.

Жыйындын алкагында  экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу кошумча маалымат берилди.