Ноокатта улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программанын алкагында айымдар үчүн семинар уюштурлду

Ош облустук казыяты тарабынан улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү жөнүндө улуттук программанын планынын 6-10-11-пунктарын аткаруу максатында Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу жалпы аялдарга семинар уюштурулуп, анда мекенди сүйүү, мамлекеттик символдорду сыйлоо,улуттук калоритке жана жергиликтүү маданиятка туура келген кийимдерди кийүү, үй-бүлө баалуулуктары жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө тууралуу баяндамалар жасалды.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, акимдин орун басары Нургүл Зульпиева, укук коргоо органдары жана казыят кызматкерлери баяндама жасашты.

«Өлкөбүздө дин эркиндиги берилгендиктен мечит, медреселерди салып, окууларды уюштуруп, жарандарыбызга дин илимин үйрөтүп келебиз. Туулган жердин топурагы алтын экендигин унутпай, жерибиздин кадырын билип, өлкөнүн тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошолу! Мамлекеттик символдорду сыйлап, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо менен бирге үй-бүлө баалуулуктарын сактоодо кайдыгер болбойлу!»,- деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, аталган иш-чарага 500 айым катышып, бир катар маалыматтарга ээ болушту.