Жолдошбек ажы Абдылдаев ажы башчыларга жыйын өткөрүп, аптаптан сак болууну эскертти

Бүгүн, 22-июнь күнү Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарындагы Азизиййе жана Кудей райондорунда ажы башчыларга жыйын өткөрдү. Жыйында жалпы эреже-тартипке баш ийүү, аптаптан абай болуу жана Сауд бийлигинин ашыкча ысыктын кесепетине каршы көрүп жаткан чараларын эске алууну эскертти.
«Жалпыга маалым болгондой, Меккеде ысык аба ырайы жогору болуп жатат. Андыктан ажыларыбыз күндүзү конок үйлөрүндө болуп, зарыл иши болбосо сыртка чыкпасын. Жаратканым ар кандай балээден сактасын. Буюрса, бүгүндөн тарта Кыргызстанга кайта баштайбыз. Өз өлкөбүзгө, өз үй-бүлө, тууган-уруктун кашына аман-эсен, сак-саламат жетип алууну насип кылсын», – деди Абдылдаев.