Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад шаардык мусулмандар хатибиятынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Аабад шаардык мусулмандар хатибиятынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек Тургунбаев КМДБ тарабынан бекитилген иш пландын алкагында аткарылып жаткан иштерден маалымат берип, өзгөчө ысырапкорчулук,  терс диний агымдардын алдын алуу, өлкөнү сүйүү жана улуттар арасындагы ынтымак боюнча түшүндүрүү иштери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

«Жараткан насип кылса ар бир район, шаардык хатибияттардын иши менен жеринде таанышып, буга чейинки аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат алып, жөндөмдөрүнө жараша баа беребиз.  Биздин башкы максатыбыз хатибияттардын өз аймактарындагы имамдар, окуу жайлар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон ишин жакшыртуу.  Ар бир берилген кызмат аманат экендигин жана ага жоопкерчилик менен мамиле жасоону эскертким келет. Жоопкерчиликтүү кызматта болгон соң ар бир мүнөт маанилүү жана аны ысырап кылбай, хатибиятты, аймактагы имамдарды өнүктүрүү менен алектенүү зарыл. Райондун баш имам-хатиби айыл аймактардагы имамдардын билимин жогорулатып, окуу курстарын уюштурса биз кубануу менен колдоп, аалымдарды жөнөтөбүз. Тилекке каршы азыр ушундай дилгир демилге хатибтер тарабынан көтөрүлбөй келет»,-деди Азирети Муфтий.

Ал Мелисбек Тургунбаев экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен агартуу жана түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын, шаардагы дин кызматкерлерин шыктандыруу максатында атайын конкурстар жарыялангандыгын, жума намаздары ирээтке келгендигин айтып, учурда каттоодон өтө элек 2 мечит калгандыгын билдирди.

«Башкы максатыбыз имамдардын билимин жогорулатуу.  Уурда фикх китеби боюнча  сабак уюштурулса, Куран жана тажвид эрежеси менен окууну да мыкты өздөштүрүшүүдө. Муну менен катар балдар биздин келечек болгондуктан аярлуу катмардан 5 миң балага Курман айтка карата майрамдык маанай тартууласак, балдар күнүнө карата 160 балага эс алуу паркында сейилдеп, акысыз оюн-зоокторду уюштуруп бердик. Айт майрамын утурлай хатибиятыбызга 400 арыз келсе, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 320 арызды орундатып, 320 үй- бүлөгө курмандыктын эттери таратылды. Бекитилген пландын алкагында мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче иштеп жатабыз»,-деди шаардык хатиби.