Жалал-Абад шаардык хатибияты Ноокен районундагы сел жүргөн аймактардын жашоочуларына 110 миң сомдук азык -түлүктөрдү жардам катары таратышты

Жалал-Абад шаардык хатибияты Ноокен районундагы сел жүргөн аймактардын жашоочуларын зыярат кылып,  селден жабыркаган тургундарга 110 миң сомдук азык -түлүктөрдү таратышып,  табигат кырсыгынан жапа чеккен айыл тургундарын сабырдуулукка чакырышты.

“Ноокен районун эски Кочкор – Ата, Момбеков жана Бостон айыл өкмөтүнүн селден жабыркаган тургундарга 110 миң сомдун тегерегиндеги күнүмдүк тамак-аштарга керектелүүчү азык -түлүктөрдү таратышып,  табигат кырсыгынан жапа чеккен айыл тургундарына колдон келишинче жардам бердик. Кырсык бизди да санаага салды. Баарыңыздарга сабыр тилейбиз. Жараткан Өзү жар болуп, мүшкүлүбүздү жеңил кылган болсун.  Жалал-Абад шаардык хатибияты, имамдарыбыз менен биргеликте аз да болсо жардам кылууга аракет жасадык. Элибизде тынчтык, амандык болсун» — деди шаардын баш имам хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-июнунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Ноокен районунда сел жүрүп, анда 2643 үйгө суу кирип, 300 кожолук башка жака эвакуацияланган.