Жалал-Абад шаарында баш имам-хатибтин катышуусунда жарандара экстремизм, терроризм, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаарынын Тукубай Тайгараеев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, аракечтик, экстремизм, терроризмге жол бербөө жана жашы жете электерге нике кыйбоо  жаатында пикир алышты.

“Өмүр-бул аманат. Бир келген жашоодо туура жашоо, көбүрөөк окуп, билим алуу ар бирибиздин колубузда. Ошондуктан балдарыбызга татыктуу тарбия, жеткиликтүү билим берип, балдарды телефондон, социалдык желелерден оолак кылуу менен бирге эмгекчилдикке үйрөтүшүбүз керек”,-деди Мелисбек ажы Тургунбаев.

Эскерте кетсек, мындай өңүттөгү иш-чаралар шаардын бардык аймактарында жүрүп жатат.