Дастан ажы Мамаев: Берешендик — бул Алла Тааланын берген жакшылыктарына шүгүр келтирүүнүн белгиси

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жергиликтүү демөөрчү менен биргеликте райондогу муктаж үй-бүлөлөргө 180 миң сомдук кийим-кече таратты.

«Берешендик — бул Алланын берген жакшылыктарына шүгүр келтирүүнүн белгиси. Башкаларга садака берүү менен ар түрдүү балээден сактануу жана колунда бар мүмкүнчүлүктөр үчүн Жаратканга шүгүр келтирүү болуп саналат. Шүгүр келгендер үчүн Алла Таала дагы да жакшылыктарын көбөйтүп берет»,— деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев