Базар-Коргондогу мечиттердин жана диний окуу борборлордун шарттары жеринде текшерилди

Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Нармамат ажы Икрамов Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен биргеликте райондогу жайкы эс алуу мезгилинде Куран үйрөнүү, таалим-тарбия берүү багытында жаштар үчүн уюштурулуп жаткан мечиттердин жана диний окуу борборлордун шарттарын жеринде текшеришти.

Түзүлгөн комиссиянын курамына райондук хатибияттын кызматкерлери,  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы, акимдин орун басары, РИИБ кызматкерлери, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кирип, райондогу 17 мечит текшерилген.

“Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен буга чейин да текшерүү иштерин жүргүзгөнбүз. КМДБнын жайкы лагерлерди уюштуруу боюнча атайын түзүлгөн жобосуна ылайык бардык лагерлердин шарттары текшерилип, жобого туура келген диний окуу борборлорго, мечиттерге райондук хатибиятын сунушунун негизинде казыят тарабынан уруксат барактары берилген.  Өткөн айдагы Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы жагымсыз окуя жалпыбыз үчүн сабак болушу керек. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алууда атайын сактык чараларды көрүп, тыкыр көзөмөл кылып турсак ашыктык кылбайт”,-деди баш имам-хатиб Нармамат ажы Икрамов.