Ала-Тоо медресесин 37 студент аяктап, кошумча ашпозчу, тигүүчү кесиптерине ээ болушту

Чүй облусунун Ивановка айлындагы Ала-Тоо медресесин быйылкы жылы 30 кыз жана 7 бала аяктап, дипломдорго ээ болушту. Бүтүрүүчүлөрдү узатуу саамалыгына Чүй облусунун казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков, аймактагы дин кызматкерлери, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Окуу жайыбызды 30 кыз аяктаса,  17 кызыбыз  Куранды толугу менен жатташты. Окуу жайыбызда  3 жыл ичинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы  тарабынан бекитилген окуу программа окутулуп, студенттерибиз кошумча ашпозчу, тигүүчү кесиптерине да ээ болуп чыгышты»,-деди окуу жайдын мүдүрү Тумар Ширахунов.