Ноокатта «Исламда үй-бүлөлүк мамилелер» аттуу жыйын өтүп, ага Аалымдар кеңешинен, казыяттан жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн катышты

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Исламда үй-бүлөлүк мамилелер» аталышында жыйын болуп өттү. Аталган жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жана Ноокат районунун акимдин орун басары Нүргүл Зульпиева баяндама жасашты.

Жыйындын алкагында үй-бүлөлүк мамилелерде зомбулукка каршы принциптер боюнча ислам аалымдарынын заманбап көз караштары, ислам үй-бүлө концепциялары жана үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртуу боюнча практикалык кеңештер айтылды.