Өлкөдөгү диний окуу жайлардын мугалимдерине билим берүү методикасын жаңы ыкмалар менен окутуу семинары жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар Хаджибеков өлкөбүздөгү жалпы диний окуу жайлардын иш кагаздарын бирдиктүү иретке келтирүү максатында мугалимдерге семинар-тренинг өттү. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси жана буйругу менен уюштурулган семинар-тренинг өз максатына жетип, диний окуу жайлардын мугалимдери активдүү катышты.

Аталган семинар-тренингде экзамен-зачётту жүргүзүү, журналдарды толтуруу, сабакты инновациялык жана интерактивдик ыкма менен (метод) өтүүнүн жолдору окутулуп, диний окуу жайлардын журналдарына жана иш кагаздарына бир катар толуктоолорду киргизди.

«Кийинки окуу семинары август айына пландалууда. Анда биз куратордук отчёт, сынак китепчелерин жүргүзүү, окуу план жана окуу программалар менен иштөө, педагогика жана методика боюнча усулдук иштелмелер, календардык план менен иштөө, баалоонун, баа коюнун нормативдерди, упай, модулдук системанын абалын карайбыз. Бул жолку окутуубузда экзамен- зачётторду  жүргүзүү бирдиктүү нормага ылайыкталды. Сабактарды инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн жолдору ишке ашырылды деп айта алам. Себеби диний окуу жайлар ушундай семинар-тренингди дайыма өткөрүп туруу сунуштарын айтышты»,-деди Абдиназар Хаджибеков.

Учурда өлкөдөгү диний окуу жайлар үчүн атайын журнал иштелип чыгууда. Мындан ары  шариат илимин окуп жаткандар менен Куран жаттоо багытындагы студенттерге өзүнчө журнал иштелип чыгып, окуу жайлар үчүн ыңгайлуулуктар түзүлөт.

Эскерте кетсек, аталаган  семинар-тренинг  буга чейин Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн болсо, ушул жумада Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында өткөрүлүп, биринчи багыты ийгиликтүү жыйынтыкталды.