Өзгөндө облус казысынын катышуусунда дин кызматкерлерине «ишеним-акыйда» ибадатынын маңызы аталышындагы семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 29-июнь күнү Ош облустук казыятынын райондун баш имам-хатибдери менен биргеликте кезектеги көчмө жыйыны Өзгөн районунда болуп, имамдарга «ишеним, акыйда» ибадатынын маңызы аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын алкагында Ош облустук казыяты тарабынан жазылган «Нике жана талак маселелери» боюнча имамдар үчүн колдонмо китеп Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен басылып чыгарылып, райондун жалпы имамдарына таркатылды. Бул жөрөлгө кезектеги көчмө жыйындарда да уланып, облус аймагындагы жалпы имамдар үчүн таратылмакчы.

«Үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу жана ажырашуулардын алдын алуу же азайтуу максатында казыят тарабынан атайын нике жана талак маселелери боюнча имамдар үчүн чакан колдонмо китеп иштелип чыкты. Бул китепчеде камтылган маалыматтарды нике кыйып жатканда өзүңүздөрдүн сөз чеберчилигиңиздер менен баш кошуп жаткан жаш жубайларга жеткиликтүү айтып түшүндүрөсүздөр деп ишенебиз. Бул маселелер боюнча буга чейин башка райондордо айтып келебиз. Ал тууралуу казыяттын расмий ютуб баракчасынан көрүүгө болот. Ошондой эле бүгүнкү семинарга акыйда темасын тандообуздун себеби, фикх маселелери боюнча дээрлик керектелүүчү эрежелерди элдер түшүнүп калышты. Бирок акыйда боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Фикхти билгендей акыйда илимин да чебер өздөштүрө турган учур келди. Элге туура акыйданы жеткирүү керек. Эгемендүүлүк алгандан кийинки басып өткөн отуз жылдан соң акыйда илимин билип, аны түрдүү агымдардын бурмалоосунан коргоо зарылдыгы ачыкка чыкты. Албетте, бул түздөн-түз сиз менен биздин милдетибиз. Ал үчүн имамдардын толук кандуу маалыматка ээ болуусу жана билим деңгээлин жогорулатуу максатында бул жылы акыйда сабактарын уюштурабыз. Сабактарга толук түрдө активдүү катышып бериңиздер»,- деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Семинардын жүрүшүндө Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов жана Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов баяндамаларын жасашып, бүгүнкү күндөгү оорчунду маселелерге токтолушту.

Жыйындын соңунда райондогу жигердүү кызмат кылып келе жаткан 4 имамга казыяттын Ардак грамотасы тапшырылды.