Ош облусунун казысы Өзгөндөгү имам Сарахсийдин кабырын зыярат кылып, баш имам-хатибдерге бул инсандын басып өткөн жолу үлгү экендигин баса белгиледи

 

Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана райондордун баш имам-хатибдери 30 томдук «Мабсут» китебинин автору, белгилүү дин аалымы имам Сарахсийдин кабырын зыярат кылып, Куран окуду.

«Илим үйрөнүп жана үйрөтүп жүргөн адам, өзгөчө эл менен тыгыз иштешип келе жаткандар үчүн илим чөйрөсүндө аттын кашкасындай белгилүү болгон дин аалымы Имам Сарахсийдин кабыры Өзгөн шаарында жайгашуусу чоң сыймык. Бул Өзгөндүн тарыхый шаар экендигин тастыктап турат. Диний чөйрөдө жүргөн ар бир адам Өзгөн тарапка келип калса, имам Сарахсийдин кабырын зыярат кылбай кетүүсү адепсиздик болот деп эсептейм. Келип Куран окуп, дуба кылуу менен анын эмгектерин эскерип турабыз. Негизинен облус аймагындагы өтүп кеткен белгилүү аалымдарды эскерип туруубуз керек»,- деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.