Алай районунун баш имам-хатиби ЖРТдан 200 баллдан жогору алган 6 окуучуга хатибияттын атынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырды

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземине катышты. Саамалыктын алкагында Эмирлан ажы Бообеков стимул катары ЖРТдан 200 баллдан жогору алган 6 окуучуга хатибияттын атынан убадаланган 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

«Көздүү мончок жерде калбайт. Сиздер келечекте мыкты адис болуп, эл үчүн эмгектенген уул-кыздардан болгула. Студенттик күндөрүңөрдү туура пайдалануу менен тандаган өз кесибиңерди мыкты өздөштүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошсоңор — бул биз үчүн чоң сыймык»,- деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Аталган иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин жаз айларында мектеп окуучулары менен өткөрүлгөн жыйында райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков ЖРТдан жогорку баа алган окуучуларга стимул берүү максатында акчалай сыйлык берүүнү убадалаган болчу.